• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда 10 миң га жаңгак токою зыянкечтерге каршы дарылоодон өттү

Коом 0

Бишкек, 24.08.23./Кабар/. Кыргызстанда жалпы 9 миң 691 гектар жаңгак токою зыянкечтерге каршы дарылоодон өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дарылоонун максаты жаңгак-мөмөлүү токойлордун абалын жакшыртуу, зыянкечтерге болгон туруктуулугун арттыруу жана түшүмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

"Токой зыянкечтерине каршы биологиялык ыкманын негизинде вирин-ЭНШ препараты менен 9 миң 691 га токой аянты түгөйсүз жибек көпөлөгүнө (непарный шелкопряд) каршы дарылоодон ɵткɵрүлдү жана токой чарбалардын аймагынан түгөйсүз жибек көпөлөгүнүн 3 миң 200 кг жумурткасы чогултулду", - деп айтылат маалыматта.

Мындай тышкары, биологиялык ыкмада Леподецид СК биологиялык препараты менен 3 миң 960 га токой аянты дарыланган.

Ошондой эле Жала-Абаддагы Токойду коргоо жана сактоо станциясы тарабынан пайдалуу энтомофагтар кооз дуулдак (colosoma sycophanta) жана анастатус диспарис лабораториялык шартта көбөйтүлүп чыгарылып, 800 га токой аянтындагы түгөйсүз жибек көпөлөгүнүн жумурткасына каршы токой чарбаларына таратылып берилди.

Пикир

Оставить комментарий