• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанда 100гө чукул жоокер биринчи офицердик аскер наамына ээ болду

Коом 0

Бишкек, 20.10.22. /Кабар/. КР Куралдуу күчтөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн жогорку билимдүү жоокерлерден запастагы офицерлерди даярдоо боюнча бир айлык окуу жыйыны соңуна чыкты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, экзамендердин жүрүшү жана лейтенант аскер наамын тапшыруу салтанаттуу аземи 19-октябрында КК Күжүрмөн даярдоо борборунда жана 36806 аскер бөлүгүндө жүрдү.

"Иш-чаранын жүрүшүндө 100гө чукул жоокерге биринчи офицердик аскер наамына берилди. Бул жоокерлер Куралдуу күчтөрдүн кошуундарында жана аскер бөлүктөрүндө 11 ай мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөндөр аталган окуу жыйынга келишкен", - деп айтылат маалыматта.

Жыйындын катышуучулары окуу жыйынынын учурунда взвод командиринин кызматтык ишмердүүлүгү жана аскер илиминин теорияларын жана башкаларды окуп, аларды практикада бышыкташты.

Жыйынтыгында жоокерлер комплекстүү экзамен тапшырышып, аны ийгиликтүү тапшыргандар гана офицердик “запастагы лейтенант” аскер наамына ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий