• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда 2,3 миңден ашуун адам "Cанариптик көчмөн" макамын алды

Коом 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда эки жылда 2,3 миңден ашуун адам "Cанариптик көчмөн" макамын алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, "Санариптик көчмөн" макамын ыйгаруу долбоору 2022-жылдын сентябрь айынан тарта башталган.

Көчмөн статусун Россия, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Армения, Молдова, АКШ, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу, Германия, Япония, Корея, Индиянын программалык камсыздоону иштеп чыгуу, медиа жана санариптик искусство, графикалык дизайн жана мультимедиа дизайны, IT продуктуларын иштеп чыгуу, жасалма интеллект жана робототехника, компьютердик жана мобилдик оюндарды түзүү, киберспорт тармагында иштеген өлкөнүн- жарандары ала алышат.

"Санариптик көчмөн" макамын алгандар иштөөгө уруксат алуудан, убактылуу жүргөн жери боюнча каттоодон бошотулат, ПИН автоматтык түрдө алат, ошондой эле жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Юстиция министрлигинен жана МСКдан кызмат ала алышат.

Бардыгы болуп 2022-жылдын сентябрынан тартып ушул күнгө чейин 2353 адам "Санариптик көчмөн" статусун алган. Анын ичинен 239у быйыл берилген.

Пикир

Оставить комментарий