• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кичинекей кыргызстандык “Лучше всех” шоусунда Галкиндин боорун эзди

Коом 0


Бишкек,11.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандык Албан-али Алым уулу Биринчи каналдын “Лучше всех” шоусуна катышты.

Жеткинчек бала сахнага чыгаары менен эле алып баруучу Максим Галкинге кыргыздын улуттук баш кийими болгон – ак калпакты белекке берди.

Алып баруучу менен болгон маектин жүрүшүндө Алым уулу өзүнүн ысымы эмнени түшүндүрө тургандыгын баяндап берди.

“Менин атым премьер-министр дегенди түшүндүрөт. Мен класста премьер-министрмин. Тартипти көзөмөлдөп, мугалимдин ордуна сабак өтөм. Менин 10 жардамчым бар, президент – Артемдун да 10 жардамчысы бар”,-деп алып баруучуну күлдүрдү.

Шоунун жүрүшүндө Алым уулу өзүнүн өнөрүн көрсөтүп, алып баруучу экөө жаныбарлар дүйнөсүнө сапар тартышып ар бир айбанаттын өзгөчөлүгүн айтып берген.

Пикир

Оставить комментарий