• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата иш-чара өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 11.12.17 /Кабар/. 2017-жылдын 12-декабрда саат 11:00дө КР УИАда боло турган кыргыз элинин сыймыктуу уулу, дүйнөлүк масштабдагы залкар жазуучу, даанышман-ойчул, гуманист Чыӊгыз Айтматовдун туулган күнүнө, ошондой эле Кыргызстанда расмий түрдө бекитилген адабият күнүнө арналып, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган маданий иш-чара өтөт.

КР УИА басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга окумуштуулар, илимий кызматкерлер, изденүүчүлөр катышат.

Иш-чаранын алкагында Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарынын жана жазуучунун китептеринин көргөзмөсү уюштурулат. Катышуучулардын өз макала, баяндамаларында Чыӊгыз Айтматовдун адамзат рухун тазартуучулук, байытуучулук, асылдандыруучулук касиетке эгедер көркөм жана публицистикалык чыгармаларын окуп-үйрөнүү, тереӊдетип изилдөө көп катмарлуу жана көп багыттуу иш экендиги белгиленет.

Иш-чаранын катышуучулары Чыӊгыз Айтматовдун жаркын элесин эскерүү үчүн Ата-Бейит мемориалдык комплексине, ошондой эле жазуучунун үй-музейине барышат.

Пикир

Оставить комментарий