• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда 2019-2021-жылдарга салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы бекитилди

Экономика 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Кыргызстанда алдыдагы орто мөөнөттүү мезгилге – 2019-2021-жылдарга Мамлекеттик салык кызматын (МСК) өнүктүрүү стратегиясы бекитилди. Тийиштүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, - деп кабарлайт Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.

МСКны өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясынын негизги максаты узак мөөнөттүү келечекте салыктык башкаруунун дистанттык методдорун киргизүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган.

Коюлган максаттарды жана белгиленген көйгөйлөрдү эске алуу менен МСКнын иши 2019-жылдан тартып 2021-жылга чейинки мезгилде төрт артыкчылыктуу багыттарда ишке ашырылат: Салыктык башкарууну автоматташтыруу, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана салык төлөөчүлөр менен дистанттык өз ара аракеттенүү үчүн негиздерди түзүү, Көмүскө экономиканы кыскартуунун негизинде ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн атаандаштык чөйрөнү түзүү, Салыктык башкаруу бөлүгүндө ЕАЭБдин интеграциялык процессстерин колдоо жана МСКнын иш тилкесин кеңейтүү.

Салык кызматынын ишиндеги 4 багыттын алкагында, алдыда инфраструктуралык милдеттерди чечүү, башкаруунун иш процесстерин электрондук форматка которуу, Салык кызматынын кадрдык дараметин бекемдөө, салыктык башкарууну ак ниет салык төлөөчүдөн ак ниетсиз салык төлөөчүгө алмаштыруу, ошондой эле, 2019-2023-жылдары КР санариптик фискалдаштыруу боюнча долбоорун ишке ашыруу жана МСК тарабынан калкка көрсөтүлүүчү кызматтарды кеңейтүү боюнча милдеттерди чечүү турат.

Тактап айтканда, башкарууну жөнөкөйлөтүү жана салык төлөөчү менен болгон мамилелерди электрондук форматка которуу боюнча иштер жүргүзүлмөкчү. Бул камералдык контролду кеңейтүүгө, контролдоонун жаңы инновациялык методдорун киргизүүгө жана көчмө пландык текшерүүлөрдүн санын кыскартууга мүмкүндүк берет.

Ведомствонун алдында турган маанилүү милдеттердин катарында - электрондук эсеп-фактураларын, онлайн ККМ колдонуу системасын киргизүү, тобокелдиктерди башкаруу системасын өнүктүрүү, заманбап санариптик технологиялардын жардамы менен туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, ишкерлер менен мамлекеттин ортосунда өз ара аракеттешүүнү оптималдаштыруу, ошондой эле бир жагынан, ЕАЭБде Кыргызстандын салык чөйрөсүндөгү кызыкчылыктарын коргоо, экинчи жагынан, салыктык башкаруу бөлүгүндө ЕАЭБге мүчө-мамлекет катары өз милдеттенмелерин ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча – эгиз максаттарды жүзөгө ашыруу турат.

Фискалдык органдын кадрдык дараметин бекемдөө боюнча милдети МСКнын кадрларын даярдоо жана кайра даярдоо системасын өркүндөтүү, МСКнын кызматкерлерин аралыктан окутуу системасын түзүү жана конкреттүү натыйжаларга жетүү үчүн кызматкерлерге материалдык дем берүү системасын өркүндөтүү жолу менен чечилет.

Ведомствонун Стратегиядагы артыкчылыктуу багыттарда белгиленген иши бир катар маанилүү натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет. Башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана салык органдары менен түз байланышсыз, салык милдеттенмесин электрондук негизде аткаруу мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде салык төлөөчүлөр үчүн бизнес жүргүзүүнүн шарттары жакшырмакчы. Бул салык төлөөчүнүн милдеттенмелерин аткаруудагы убактысын жана тиешелүү түрдө материалдык чыгымдарын үнөмдөөнү камсыздайт.

МСКнын жаңы документинде каралган чаралар экономиканын формалдуу эмес секторунан көмүскө агымдарды жана жүгүртүүлөрдү чыгарууга да багытталган, бул салык базасын кыйла жогорулатууну жана салыктык түшүүлөрдүн өсүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Жыйынтыгында натыйжалуу салык системасын түзүү, аны так, жөнөкөй, түшүнүктүү, ыңгайлуу, ачык жана стабилдүү кылуу болжолдонууда, бул ишкердик жана инвестициялык активдүүлүктү өнүктүрүү шарттарын жакшыртуу, өлкөнүн экономикасын чыңдоо жана аны андан ары глобалдык экономиканын архитектурасында интеграциялоо үчүн маанилүү шарт болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий