• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

КРда 2020-2030-жылдарга миграциялык саясаттын Концепциясын бекитүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Мамлекеттик миграция кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2020-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Документке ылайык, 2020-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын концепциясы миграциялык процесстерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү узак мөөнөттүү көрө билүү болуп саналат. Концепция өзүнө миграция жана өнүктүрүү чөйрөсүндөгү максаттардын, приоритеттүү багыттардын жана милдеттердин системасын камтыйт жана адамдын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына, Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарынын корголушуна негизденет.

Миграция динамикалуу процесс катарында ички-тышкы шарттарга жараша дайыма өзгөрүлүп турат. 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында, БУУда кабыл алынган 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарында түптөлгөн максаттарга, милдеттерге жана багыттарга, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы социалдык-экономикалык, саясий жана маданий тенденцияларга, миграциялык процесстердин өзгөчөлүктөрүнө таянып, өлкөнүн 2020-2030-жылдарга миграция саясаты аныкталды.

Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын максаты миграцияга алып келген жана аны коштоп жүргөн жагымсыз факторлорду жумшартууга багытталган мамлекеттик программаларды жүзөгө ашыруу аркылуу миграция процесстерин турукташтыруу жана Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн миграциялык потенциалды максималдуу жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Миграция саясатын концепциясын жүзөгө ашыруу региондорду туруктуу түрдө социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана адам потенциалын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программалар менен ыңгайлаштырылат жана өз ара байланыштырылат.

Миграция саясатынын артыкчылыктуу багыттары теңдештирилген, миграция саясатынын узак мөөнөттүү максаттарына, учурдагы жана алдыдагы социалдык, демографиялык, экономикалык чакырыктарга, адам потенциалын өлкөнүн өнүгүшүндөгү башкы социалдык-экономикалык булак катарында түшүнүүгө таянуу менен аныкталды.

Ар биринин алкагында чечүү зарыл болгон артыкчылыктуу багыттар жана милдеттер, терс факторлорду минималдаштыруу жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн миграциялык потенциалды жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүп берет.

Концепциянын артыкчылыктуу багыттары жана милдеттери:

- өлкө жарандарынын, мекендештердин, иммигранттардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасында билим алуу, эмгектик, кесиптик жана маданий потенциалдарын жана мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашыруу шарттарын өркүндөтүү;

- калктын, мекендештердин, иммигранттардын жана жарандыгы жок адамдардын миграциялык потенциалын Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө пайдалануу

- өлкөдөн тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында турган иммигранттардын, мекендештердин жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо системасын түзүү;

- коопсуз миграциялык чөйрөнү түзүү;

- миграция жана калкты каттоого алуу чөйрөсүндөгү мыйзам базасын өркүндөтүү;

- миграция саясатынын ишке ашырылышын маалыматтык камсыз кылуу жана миграциялык маалыматтарды эсепке алуунун натыйжалуу системасын түзүү;

Күтүлүүчү натыйжалар:

Миграция саясатынын максаттарына жана жүзөгө ашырылышына жетишүүнүн натыйжалары биринчи кезекте тышкы кырдаалдардан, Кыргыз Республикасындагы ички социалдык-экономикалык жана саясий кырдаалдардан көз каранды.

Кыска мөөнөттүү мезгилде кайтма миграция жана өлкөдөгү жаралган социалдык жана экономикалык кырдаалдан улам эмиграциялык агымдын ооздукталышы кырдаалында кескин бурулушка жетишүү мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясын жүзөгө ашыруунун жыйынтыгы боюнча 2020-2030-жылдарга иштелип чыккан комплекстүү чаралар өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалдын жакшыруу шартында терс миграциялык тенденцияларды өзгөртүүгө мүмкүндүк берет.

Концепциянын максатын эске алып, 2030-жылга карата миграциялык саясаттын максаттарына жетишкендикти баалоого боло турган төмөнкүдөй олуттуу натыйжаларды күтүүгө болот:

  • Кыргыз Республикасынын эмгек ресурстары татыктуу эмгек шарттары бар квалификациялуу жумуш орундарын ээлейт.
  • Төмөнкү абсолюттук көрсөткүчтөрдүн эсебинен миграциялык баланстын нөлдүк сальдосуна же маанилердин нөлдүк деңгээлине жакын жетишилет.
  • Узак мөөнөттүү мезгилде Кыргыз Республикасынын калкынын активдүү жана пассивдүү миграциялык маанайы төмөндөйт.
  • Мигранттар, мекендештер жана алардын жамааттары социалдык, экономикалык, маданий жана башка долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу Кыргыз Республикасынын жана өлкөнүн региондорунун өнүгүшүнө инвестициялашат.
  • Кыргыз Республикасында жеке бизнесин түптөө үчүн мигранттар тарабынан инвестицияларды тартуу боюнча шарттар түзүлүп, механизмдери иштелип чыгат.
  • ЖОЖдордун жана атайын орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн алдында турган чакырыктарга адекваттуу таасир кылууга жарамдуу болушуп, татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылууга мүмкүндүк түзгөн эмгек рынокторундагы атаандаштыкка жөндөмдүү келишет.
  • Чет өлкөлүк ЖОЖдордо билим алышкан Кыргыз Республикасынын жарандарын-бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу өсөт, ошондой эле чет өлкөлүк адистерди жана өлкөнүн экономикасынын керектөөлөрүнө жараша, айрыкча медицина, маалыматтык технологиялар, инженерия сыяктуу багыттар боюнча окуу жайлардын чет өлкөлүк бүтүрүүчүлөрүн жумушка орноштуруу өсөт.
  • Экономикалык, укуктук жана административдик чараларды, ошондой эле маалыматтык кампанияларды жүргүзүүнүн жана киргизүүнүн эсебинен мигранттардын, иммигранттардын, жарандыгы жок адамдардын легалдуу жүрүшү үчүн шарттар түзүлөт.
  • Эмгек миграциясынын агымы диверсификацияланат жана пайдалуу экономикалык шарттар, укуктук жана социалдык кепилдиктер менен камсыз кылынат.
  • Мигранттардын базалык социалдык кызматтар менен камтылышына жетишилет.
  • Адамдарды миграцияланууга аргасыз кылган тобокелдиктер менен коркунучтар төмөндөйт, ошондой эле миграция процессиндеги алсыздык факторлору азаят.

Пикир

Оставить комментарий