• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишиндеги жол кеңейтилүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. Бишкекте Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишиндеги жол кеңейтилүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Чүй проспектисинин жана Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинин түндүк-чыгыш тарабындагы асфальтын алуу боюнча жана жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүүгө даярдык иштерин жүргүзүүдө.

"Бул иштердин алкагында аялдамалар комплекси жылдырылып, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кошумча тилке кошулат. Жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн жол белгилерин кайрадан куруу пландаштырылууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул чаралар кесилиштин өтүүсүн жакшыртат, тыгындарды азайтат жана аймактагы бардык жол кыймылынын катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий