• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ош облусунун эки жашоочусу диний-экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты

Коом 0

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. Ош облусунда "Хизб-Ут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү экстремисттик идеологиялардан баш тартышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында УКМК "Хизб-Ут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүн аныктап, аларга карата профилактикалык иш-чараларды жүргүздү.

2023-жылдын 10-августунда "Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами" уюмунун ишмердүүлүгүнө Кыргызстандын аймагында тыюу салынгандыгы, ошондой эле диний-экстремисттик багыттагы идеяларды тараткандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралгандыгы боюнча КР жарандары А.О.М. жана М.М.га соттун чечими жетгизилди.

Профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, Кыргызстандын А.О.М. жана М.М. аттуу жарандары экстремисттик идеологиялардан баш тартып, жарандарды “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты.

Бул багыттагы иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий