• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда 2023-жылы 33,6 миң тонна товардык балык өндүрүлгөн

Экономика 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын балык чарбалары тарабынан 2023-жылы 33,6 миң тонна товардык балык өндүрүлгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу билдирди.

Анын айтымында, 5, 556 тонна балык жана балык азыктары экспорттолгон.

Белгилей кетсек, республикада 281 балык чарбасы бар: Чүй облусун 204, Ысык-Көл облусунда 37, Жалал-Абад облусунда 17, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда 10, Ош облусунда 4 чарба.

Пикир

Оставить комментарий