• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Соцфонд 1-октябрдан тарта пенсияларды көтөрүүгө 3,9 млрд сом бөлүүгө даяр

Экономика 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Социалдык фонд 2023-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатууга 3 млрд 975 млн 843 миң 900 сом бөлүүгө даяр. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, 2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүнө индексациялоо коэффициентин 1,38 өлчөмүндө бекитүү сунушталууда. Мында пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%га, бирок 500 сомдон кем эмес көбөйөт.

Белгиленгендей, пенсияларды индексациялоо жыл сайын Соцфонддун бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт. Өткөн жылы индексация коэффициенти 1,26ны түзгөн.

Ошентип, пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн алдыдагы индексациялоонун жыйынтыгы боюнча жалпы пенсиянын орточо өлчөмү 9413 сомду түзөт, бул 1728 сомго көбөйгөн учурдагы орточо пенсиядан жогору.

Соцфонддун алдын ала эсептөөлөрү боюнча, 2023-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 765,6 миң адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий