• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Финансы министри АӨБ өкүлдөрү менен энергетика тармагындагы маселелерди талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда 2023-2027-жылдарга өнөктөштүктүн жаңы стратегиясы, климаттын өзгөрүшүнө, энергетикага жана жеке секторго өлкөнүн стратегиялык инвестицияларын колдоо боюнча АӨБнын келечектеги планы жана бюджеттик колдоосу талкууланды.

Өлкөнүн энергетика тармагын жакшыртууга, инновацияларды киргизүүгө жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө басым жасалды.

Пикир

Оставить комментарий