• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

43 кыргыз ишкана РФ жана Казакстанга өз продукцияларын ташыйт

Экономика 0

Бишкек, 03.04.18 /Кабар/. 43 кыргыз ишканасы Россия жана Казакстанга өз продукцияларын ташыйт. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков B2B форматындагы КР бизнес өкүлдөрү жана Россиянын ири соода түйүндөрүнүн катышуусундагы тегерек үстөлдө билдирди.

Анын айтымында, бул ишканалар ЕАЭБ мүчө мамлекеттерине ташуу жүргүзгөн ишканалардын Реестрине киргизилген.

Новиков бул сүт азыктарын өндүрүүчү - 15, бал топтоо жана сатуу – 10, балыкты кайра иштетүүчү – 12, термикалык иштелген эт азыктарын өндүрүүчү ишканалар – 5, улуттук сүт азыктарын өндүрүү -1 ишканалар экенин кошумчалады.

Министр республикада ЕАЭБ техникалык жөнгө салуу нормаларын колдонууну камсыздоого зарыл инфратүзүмдөр түзүлгөнүн кошумчалады. Бир нече сынамык лабораториялар жабдылды.

Министр Новиков белгилегендей, КР өкмөтү РФ өкмөтү менен биргеликте соода мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды активдүү өткөрүүдө.

Жыйынтыгында министр бүгүнкү иш-чара ишкерлерге россиялык соода түйүндөрүнө товар ташуу талаптары жана шарттары менен таанышууга, өз продукцияларынын үлгүлөрүн көрсөтүп, эки жактуу жолугушууларды өткөрүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий