Кыргызстанда 2023-жылы өнөр жай продукциясынын көлөмү дээрлик 483 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын көлөмү 2023-жылдын январь-декабрында 483 миллиард сомго жакынды түздү. Бул көрсөткуч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,7%га көп. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымына караганда, резина, пластмасса буюмдарынын жана курулуш материалдарынын (1,7 эсеге), фармацевтикалык продукциянын (34,9 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердиктин (19,6 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн, кийим жана бут кийимдин, тери жана булгаары буюмдарынын (19,2 пайызга), химиялык продукциялардын (11,8 пайызга) , тазаланган мунайзаттардын (8,9 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (5,7 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу (3,1 пайызга) көбөйдү.

Оң тенденциялар дүң жана чекене соодада байкалган, мында көлөмдүн өсүшү 17,7 пайызды, ошондой эле курулушта 10,3 пайызды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий