• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Энергетика министрлиги электр энергиясына чектөө киргизилгендигинин себебин түшүндүрдү

Экономика 0

Бишкек, 06.03.24./Кабар/. Энергетика министрлиги электр энергиясын керектөөгө кыска мөөнөттүү ашыкча жүктөмдү азайтуу иш-чараларын киргизүү зарылчылыгынын себебин түшүндүрдү.

2024-жылдын 5-мартынан тартып «Электр станциялары» ААКтын энергетикалык объектилерин - Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин гидроагрегаттарын реконструкциялоо башталгандыгына байланыштуу электр станцияларынын кубаттуулугу 290 МВтга төмөндөйт.

Энергетика тутумундагы мындай кырдаалда электр энергиясын керектөөгө ашыкча жүктөмдү азайтуу иш-чараларын киргизүү зарылчылыгы келип чыкты. Министрлик өзгөчө жүктөмдүн эң жогорку чегинде, эртең менен кечкисин электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат. Бул боюнча калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ашыкча жүктөмдү азайтуу иш-чараларын эң негизги зарылчылыгы калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн, 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине болгон даярдыкты эрте баштоо жана ТГЭС менен УКГЭСтеги эскилиги жеткен гидроагрегаттарды реконструкциялоо болду. Ошону менен бирге ГЭСтердин кубаттуулугун көбөйтүү зарыл. Эгерге энергетика тармагында күз-кыш мезгилине даярдык азыртадан башталбаса, кийинки кыш мезгилине жетишпей калат. Мындан тышкары жыл сайын керектөөчүлөрдүн саны өсүп жатат. Бул кошумча кубаттуулукту талап кылат.

Кыргыз Республикасында электр энергияны керектөө 2010-жылы 10 млрд 313 млн 8 миң кВт саатты түзгөн, 2023-жылы 16 млрд 558 млн 6 миң кВт саатты түзгөн. Жыл сайын орточо эсеп менен алганда 30 000 жаңы абонент кошулуп турат.

Токтогул ГЭСте 4 ГА бар, реконструкцияга чейин жалпы кубаттуугу 1200 МВт (ар бири 300 МВт ) түзгөн. ТГЭС 1975 - жылы курулган. ГЭС ишке киргизилгенден бери өзүнүн ГАга реабилитациялоону жүргүзгөн эмес.

«Электр станциялары» ААК 2021-жылдан баштап ТГЭСинде 300 МВтдан 360 МВтка чейин кубаттуулукту жогорулатуу менен гидроагрегаттарды алмаштыруу реконструкциясы жүрүп жатканын маалымдайт.

Алсак, 2021-жылдын март айында 300 МВт кубаттуулуктагы №4 ГА реконструкцияга берилип, 2022-жылдын декабрь айында ишке киргизилген. Жыйынтыгында 60 МВт кубаттуулук кошулуп № 4 ГА 360 МВт түзгөн.

Мындан тышкары, 2023-жылы №2 ГАнынреконструкция иштери аткарылып, кубаттуулугу 360 МВТ түзгөн. ТГЭСтин жалпы кубаттуулук 1320 МВт түзгөн.

Ал эми, “Электр станциялары” ААКтын Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегаты 2024-жылдын 5-мартынан тарта реконструкцияга берди. 2024-жылдагы план боюнча ТГЭСтин №1 ГАнын реконструкциясы бүтүп ишке берилсе, кубаттуулук 60 МВт кошулат. Ошондо ТГЭСтин жалпы кубаттуугу 1380 МВт түзөт.

Мындан тышкары, 2025-жылы ТГЭСтин №3 ГАсы реконструкция болсо жалпы кубаттуулук 1440 МВтты түзөт.

Мындан тышкары, 2024-жылдын 5-мартынан баштап Үч-Коргон ГЭСинин №4 ГАсын реконструкциялоого чыгарылды. Бул ГАга реконструкциядан кийин 20% кошулат.

Үч-Коргон ГЭСин учурда жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзөт. (ар бири 45 МВт болгон 4 блок). Орточо узак мөөнөттүү өндүрүш жылына 820 млн кВт саатты түзөт.. Графикке ылайык, №4 гидроагрегатты реконструкциялоону аяктоо 2024-жылдын 16-ноябрына пландаштырылган.

УКГЭСтин жалпы 4 ГАсы реконструкциядан отсо жалпы кубаттуугу 216 МВт түзөт, б.а. ар бир ГАнын кубаттуулу 20% ка жогорулайт.

Маалымат катары: УКГЭС 1962-жылы ишке киргизилгенден бери өзүнүн жабдууларын жана инфраструктурасын реабилитациялоону жүргүзгөн эмес. УКГЭСтин стандарттык иштөө мөөнөтү 30 жылды түзөт, анын мөөнөтү 1992-жылы аяктаган. ГЭСтин жабдуулары жана гидротехникалык курулуштары эскирип, начар абалда.Ушуга байланыштуу УКГЭСти модернизациялоо өтө маанилүү.

Керектөөчүлөрдү кырдаалга түшүнүү менен кароого жана электр энергиясына аяр мамиле кылууга, бир эле учурда бир нече энергияны көп талап кылуучу электр шаймандарын колдонбоого чакырабыз.

Энергетика министрлиги керектөөчүлөрдөн ГЭСтердин реконструкциялоо иштеринин башталганына байланыштуу келип чыккан убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий