• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 2024-жылга чейин таза суу маселеси толугу менен чечилет

Коом 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылга чейин таза суу маселеси толугу менен чечилет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев билдирди.

Анын айтуусунда, мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында 2023-жылдын аягына чейин жалпы суммасы 13,4 млрд сомго 31 ирригациялык объектти эксплуатацияга берүү пландалууда.

"Бүгүнкү күндө эки суу тосмосу эксплуатацияга берилди, 14 ирригациялык объектте курулуш иштери жүрүүдө. Анын ичинен алтоо республикалык бюджеттен, үчөө Кытай, бирөө Араб өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат", - деп билдирди Таштаналиев.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдиргендей, мамлекет 2024-жылга чейин 653 айылдагы таза суу маселесин чечет.

"Өлкө боюнча 1819 айыл бар, анын 553ү таза суу менен камсыз болгон, 555 айылда суу чарба курулуштары 70-80-жылдары курулган. Учурда ичүүчү таза суу маселесин чечүү үчүн кредиттик келишимдин негизинде 27 млрд сом табылган, бирок маселени чечүү үчүн 37 млрд сом керек", - деп билдирди Токтошев.

Пикир

Оставить комментарий