• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Соцфонддун колл-борбору августта 1036 кайрылуу кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Соцфонддун Call-борбору 2021-жылдын август айында 1036 кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, колл-борборуна 665 кайрылуу келип түшкөн, андан тышкары, сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 371 кайрылуу келген.

Социалдык фонддун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.

Соцфонддун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

Пикир

Оставить комментарий