• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" Бүгүн 234 баалуу байге ойнотулат

Коом 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 26-декабрда «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойнотуунун экинчи күнү өтөт.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, түз эфирдин жүрүшүндө 100 iPhone14, 100 смартфон, 30 ноутбук жана 4 Dyson фени ойнотулат.

Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы саат 13:00.

Эскерте кетсек, 25-декабрда 283 байге ойнотулду. Мындай утуштар 29-декабрга чейин созулуп, күн сайын 234 байгеден ойнотулат.

Негизги иш-чара 30-декабрда өткөрүлүп, 10 батир, 11 электромобиль жана чет өлкөгө 4 жолдомо ойнотулат. Утуштар саат 15:00дө УТРК, Ала-Тоо 24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана Youtube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий