• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Өзбекстандын аскерлери биргеликте машыгуу өткөрүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Өзбекстандын аскер кызматкерлери биргелешип машыгууда. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-июлда 10128 аскер бөлүгүнүн базасында Кыргызстан менен Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардияларынын атайын багыттагы аскерлеринин жана инженердик-сапердук түзүмдөрдүн биргелешкен атайын-тактикалык сабактарынын жана тренингдеринин ачылыш аземи өттү.

Биргелешкен атайын-тактикалык сабактар жана тренингдер 2023-жылдын 23-июлунан 2-августуна чейин "Эдельвейс" окуу-машыгуу борборунда өтөт.

"Бир жума ичинде биздин аскер кызматчылар өзбек коллегалары менен атайын багыттагы түзүмдөрдүн даярдыктарын үйрөнүшөт. Андан тышкары, планга ылайык атайын-тактикалык даярдык, тоо даярдыгы, ок атуу, байланыш боюнча жана башка сабактар уюштурулуп, инженердик-сапердук түзүмдөр үчүн атайын даярдык сабактары уюштурулат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий