Кыргызстанда 2024-жылы 197 мектеп ысык тамак менен камсыздалат

Коом 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылы 197 мектеп ысык тамак менен камсыздалат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-декабрда Билим берүү министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, мектеп директорлору, райондук/шаардык СЭСтин жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана Мерсиконун кызматкерлери "Билим берүү жана балдардын тамактануусу үчүн азык-түлүк (2021-2026)" программасынын алкагында 197 мектеп үчүн багыт берүү жолугушууларын өткөрдү.

Жолугушуулардын максаты Чүй, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарындагы 197 мектепте программаны ишке ашыруу боюнча иш-чараларды координациялоо болуп саналат.

Иш-чаранын катышуучулары программанын иш пландары менен таанышып, мектептердеги ысык тамак уюштурууда келип чыккан көйгөйлөрдү талдашат.

Пикир

Оставить комментарий