• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстанда 2029-жылга чейин жайыттарды өнүктүрүү программасы кабыл алынды

Коом 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Министрлер кабинети "2024–2029-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын жайыттарын өнүктүрүү программасын" кабыл алынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, буга чейин Кыргызстандын жайыттарын өнүктүрүү программасы кабыл алынбай келген. "Кабыл алынган программа жайттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу үчүн стратегиялык документ болуп эсептелинет жана жайыттарды өнүктүрүүгө чоң рол ойнойт№, - деп айтылат маалыматта.

Программанын алкагында төмөндөгүдөй иш-чаралар жүргүзүлөт:

  1. Жайыттарды туруктуу башкаруу. Жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу;
  2. Жайыттарды жакшыртуу, жайыт инфратүзүмүн калыбына келтирүү;
  3. Жайыттарды эс алдыруу, которуштуруп пайдалануу;
  4. Жайыттарга жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүү, жайыт үрөнчүлүгүн өнүктүрүү;
  5. Жайыттардын климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулугунун жогорулатуу;
  6. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндө адистерди даярдоо, алардын билимин жогорулатуу;
  7. Жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү;
  8. Жайыттарды пайдалануудагы басымдуулугун азайтуу максатында, малдардын асылдуулугун жогорулатуу (сандан сапатка өтүү).

Пикир

Оставить комментарий