• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Непалда Кыргызстандын ардактуу консулунун кармалышы. Иликтөөнүн жыйынтыгын күтүү керек – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Непалдагы ардактуу консулу С.Агарвалдын кармалышы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын күтүү керек деп эсептейт.

"Кыргызстандын ардактуу консулунун кармалышы боюнча Непалдын өкмөтүнөн кыргыз тарапка расмий билдирүү келе элек. Бул маселе элчиликтин жана министрликтин көзөмөлүндө турат. Жаңы маалыматтар келгенде кошумча билдирүү берилет", - деп билдиришти министрликтен.

Маалымат үчүн: С.Агарвал – курамына болот, цемент, полипропилен каптарын ж.б. чыгаруу менен алектенген 50гө жакын ири компаниялар кирген Непалдагы "Шанкер групп" уюмунун төрага орун басары.

Пикир

Оставить комментарий