• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте апрель карынан улам 60тан ашуун бак кулаган (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Бишкекте бүгүн 60тан ашык бак кулады. Бул тууралуу “Бишкек жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бак-дарактардын ошондой эле 40 чоң жана 200дөн ашык майда бутактары сынган.

Тазалоо иштерине “Жашылдандыруу” ишканасынын 120 жумушчусу жана 15 атайын техника тартылган.

Ошондой эле “Тазалыктын” жана “Бишкекасфальтсервистин” жумушчулары да жардамга келген.

Ведомстводон белгилешкендей, көбүнчө терек, акация, кара жыгач жана зараң бактары кулаган.

“Бактар гүлдөп, салмак кошо баштаган. Алардын кулашынын себеби суулуу кар болгон. Ал бактарга оордук жараткан. Түндө үшүк жүрүшү ыктымал, эгер суук болсо бактардын жалбырактарына муз тоңот. Ошондуктан унааларды чоң бактардын астына токтотпоону суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Жыгылган бактарды жана бутактарды тазалоо иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий