Сот Матраимовдун ЖМКнын камакка алынган эсептерин бошотуу боюнча өтүнүчүн карайт

Коом 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун “Азаттык”, “Клоп” жана “24.kg” редакцияларынын камакка алынган банкттык эсептерин бошотуу боюнча өтүнүчүн карап чыгат. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, толук маалыматты отурум бүткөндөн кийин алууга болот.

Эскерте кетсек, Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун “Азаттык”, “Клоп” жана “24.kg” редакцияларын жана журналист Али Токтакуновду сотко берген. Кийинчерээк, сот аталган ЖМКлардын банктык эсептерин камакка алган.

Өз кезегинде, Матраимов редакциялардын камакка алынган эсептерин бошотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий