• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда 22 араб жана 7 түрк өлкөсүнүн катышуусунда бизнес-форум уюштуруу пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 22 араб жана 7 түрк өлкөлөрүнүн каьтышуусунда бизнес-форум уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров “TURAP” түрк-араб өлкөлөрүнүн кызматташтык ассоциациясынын президенти, Тунис республикасынын Измир шаарындагы ардактуу консулу Сабухи Аттар баштаган түрк ишкерлерин кабыл алды.

Жолугушууда Равшан Сабиров президент Садыр Жапаров өлкө башчысы кызматына келгенден кийин кыргыз-түрк алакалары жаңы деңгээлге чыкканын, ушундай шарттарда агентикке "улуттук" статусу берилгенин, бул болсо мындан ары түздөн-түз президенттин алдында жумуш алып барууга мүмкүнчүлүк берерин, ошондой эле инвесторлор үчүн керектүү болгон бардык жагымдуу шарттар түзүлөрүн белгиледи.

Өз кезегинде "TURAP" түрк-араб өлкөлөрүнүн кызматташтык ассоциациясынын президенти Сабухи Аттар КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн баалоо максатында атайын жумушчу сапар менен келгенин айтып, алдыдагы убакытта 22 араб өлкөсү жана 7 түрк өлкөсүнүн катышуусунда Кыргызстанда бизнес-форум жана жарманке уюштурууну пландап жатышканын билдирди.

Ошондой эле Сабухи Аттар Равшан Сабировду 20-24-июнь аралыгында Стамбулда өтүүчү "TURABEXPO" эл аралык жарманкесине чакырды.

Агенттиктин директору Сабиров "TURAP" түрк-араб өлкөлөрүнүн кызматташтык ассоциациясынын президентине ыраазычылыгын билдирип, аталган көргөзмөгө катышуу мүмкүнчүлүгүн карап көрөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий