• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Аксы районунда асыл тукум кой породаларынын кѳргѳзмѳсү ѳттү

Аймак 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Аксы районунда асыл тукум кой породаларынын кѳргѳзмѳсү болуп ѳттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдирди.

Маалыматка ылайык, райондук айыл чарбасын ѳнүктүрүү департаментинин демилгеси менен сандан сапатка ѳтүү, койлордун асыл тукум породаларын кѳбѳйтүү боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында уюштурулду.

Иш-чарага район аймагындагы койлордун кыргыз породаларын асыл тукум породалорга ѳткѳрүү үчүн Авлетим, Уч-Коргон, Кербен, Кош-Дѳбѳ айыл аймактарынан асыл тукум чарбалары келип ѳздѳрүнүн Арашан, Гисар, Авган породаларын сунушташты.

Ошондой эле фермелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, сандан сапатка ѳтүү, асыл тукум породаларын кѳбѳйтүү маселеси кѳтѳрүлдү.

Жыйынтыгында кѳргѳзмѳгѳ келген алдыңкы асыл тукум чарбалардын жетекчилери райондук айыл чарбасын ѳнүктүрүү департаментинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий