• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Талас облусунда браконьерлер кармалды

Аймак 0

Бишкек, 05.04.18. /Кабар/. Талас облусунун Талас районундагы Каракол аймагында чек арачылар аңчылык кылып жүргөн Кыргызстандын үч жаранын кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖКМ жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирет.

Кыргызстандын жарандары – Талас облусунун тургундары аңчылыкка тыюу салынган жобону бузгадары үчүн колго түшүшкөн (Кыргызстанды аңчылык кылуу мезгили аяктаган).

Кармалгандардан бир нече тапанчалар алынган, алардын тиешелүү уруксат кагаздары да жок болуп чыккан.

Тиешелүү бардык документтер чогултулгандан кийин, алар аймактык укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий