• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Өзбекстан өлкөдө "пандемия артка чегине баштаганын" билдирди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. 22-мартта Өзбекстанда коронавирустун 7 учуру катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлап, “пандемия артка чегине баштаганын” белгиледи.

Маалыматка караганда, Ташкентте 5, Наманган облусунда 2 учур катталган. Шейшемби күнү оору жуктургандар болгон эмес. Марттын башынан бери коронавирустан өлгөн учурлар айтыла элек.

Өзбекстанда 2020-жылдын март айынан бери коронавирус жуктургандардын жалпы саны 237 527ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий