• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда 24-майга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн күндүз Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +19...+24, Талас облусунда +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл облусунда +12...+17, Нарын облусунда+14...+19 градус болору күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +20...+22 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий