• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда 248 китепкананын базасында баланы эрте өнүктүрүү борбору түзүлдү

Билим 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда чыгымдарды натыйжалуу пайдалануу максатында ЮНИСЕФтин колдоосу менен толук кандуу пайдаланылбаган 248 китепкананын базасында эрте өнүктүрүү борборлору түзүлдү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, китепкананын кызматкерлери атайын балдарды өнүктүрүү курстарынан өтүштү.

"Өнүктүрүү борборлору ЮНИСЕФ жана Билим берүү министрлигинин сунуштамасы боюнча балдарга керектүү методикалык колдонмолор жана атайын адабияттар менен камсыздалды", - деди ал.

Мындан тышкары, министр өлкөдө балдарды бала бакчаларга тартуу боюнча "Энелер мектеби" иштеп жатканын жана ал 6 миңден ашык баланы камтый турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий