• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда Улуттук олимпиаданын I туруна 42 миңден ашык окуучу катышты

Билим 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча Улуттук олимпиаданын онлайн режиминдеги I этабына 42 миң 997 окуучу катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, биология боюнча олимпиаданын биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча 7 миң 633 катышуучудан 3 миң 583 адам, информатика боюнча 4 миң 351 катышуучудан – 331 адам, математика боюнча 12 миң 972 катышуучудан – 6 миң 458 адам, физика боюнча 10 миң 818 катышуучудан – 5 миң 250 адам, химия боюнча 7 миң 223 катышуудан – 4 миң 31 адам экинчи этапка өттү.

Белгилей кетсек, олимпиаданын II этабы төмөнкү графикке боюнча онлайн режиминде өтөт:

- информатика боюнча – 2024-жылдын 10-11-февралында саат 10:00-13:00го чейин;
- физика боюнча – 2024-жылдын 17-февралында саат 14:00-17:00го чейин, 18-февралда саат 10:00-13:00го чейин;
- биология боюнча – 2024-жылдын 17-февралында саат 10:00-13:00го чейин, 18-февралда саат 14:00-17:00го чейин;
- математика боюнча – 2024-жылдын 24-февралында саат 14:00-18:00го чейин, 25-февралда саат 09:00-13:00го чейин;
- химия боюнча – 2024-жылдын 24-февралында саат 10:00-13:00го чейин, 25-февралда саат 14:00-17:00го чейин.

Улуттук олимпиада эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын командасын түзүү жана даярдоо максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий