• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Арабаев атындагы КМУнун медборборуна заманбап жабдуулар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Күн мурун Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик унверситетине кувейттик “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан медициналык жабдууларды тапшыруу салтанаттуу аземи өттү.

Окуу жайдан билдиришкендей, иш-чарага университеттин ректору Айгүл Абдраева, “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү шейх Мухаммад Абдурахман Альшая жана окуу жайдын түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.Салтанаттын алкагында “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду университеттин медициналык борборуна заманбап медициналык жабдууларды кайрымдуулук жардам иретинде УДИ аппарат, кольпоскоп, стоматологиялык комплект жана гинекологиялык кресло тапшырды. Медициналык жабдыктардын суммасы 2 млн сомдон ашык каражатты түзгөн.

Ал жабдуулар университеттин студенттерине жана окутуучуларына көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатат.

КМУнун ректору Айгүл Абдраева өз сөзүндө «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун берешен белеги үчүн чоң ыраазычылык билдирип, жаңы жабдуулар университеттин студенттеринин жана кызматкерлеринин ден соолугун жана бакубаттуулугун камсыздоодо чоң кызмат көрсөтөрүн баса белгиледи.

«Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү шейх Мухаммад Абдурахман Альшая өз кезегинде Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине жардам көрсөтүп жаткандыгына зор кубанычта экенин белгилеп, жаңы жабдуулар студенттердин жана кызматкерлердин жашоо сапатын жакшыртууга көмөктөшөт деп ишеничин билдирди.

Жабдууларды тапшыруу аземи жылуу жана достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий