Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. Синоптиктер 3-6-май күндөрү өлкө аймагында түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү мүмкүндүгүн эскертти.
Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө караганда, 3-майда Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, 4-5-майда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2 градуу үшүк жүрүшү күтүлөт.
Ошондой эле 3-6-майда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрөт.
Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч туудурат.
Пикир
Оставить комментарий