• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда 3 жылдын ичинде ИИБдин жабык имараттарында 15 адам каза болгон

Коом 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова “КРда абактарда зордук-зомбулука каршы мамлекет жана коом тарабынан кабыл алынып жаткан эффективдүү чаралар” тууралуу тегерек столго катышкан.

Өзүнүн сөзүндө депутат катышуучулардын көңүлүн статистикага бурган. Ал статистикада көрсөтүлгөндөй, 2016-жылдан 2018-жылга чейин респубиканын ИИБнин абактарында жана кармоо жайларында 15 адам каза болгон. Анын ичинен эң көбү Чүй облусунун милиция бөлүмүндө (4 адам), Бишкекте – 2 адам каза болгон.

“Эгер биз адамды кармоочу жайга киргизсек, биз ошол адамдын жашоосуна жана тиешелүү жашоо шарттарды түзүп берүүгө жоопкерчиликтүү болуп жатабыз”, - дейт ал.

Исмаилова билдиргендей, ведомство өз жообунда адамдардын өлүмүнө себеп болгон нерселерди айтып жатат, бирок ар бир өлүм боюнча тиешелүү изилдөө жүргүзүлгөн жок деди.

“Алгач Жайыл районунун милиция бөлүмүндө каза болгон Бурулайдын өлүмү боюнча изилдөө жүргөн. Бул окуя коомдо чуу салгандыгы үчүн, тергөө жүрүп, күнөлүүлөр жоопко тартылган. Милиция бөлүмдөрүнүн кармоочу жайларында каза болгон ар бир адамдын өлүмү боюнча иш жүрүшү керек. Болбосо жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгы көрсөткөндөй жабык кармоочу жайларга киргизилген адамдардын жашоосуна, ден соолугуна эч ким кепилдик бере албайт. Милиция кызматкерлери тарабынан зомбулуктан эч ким корголгон эмес", - дейт депутат.

Пикир

Оставить комментарий