• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстанда 30 миңден ашык адам рак оорусу менен жабыркайт

Ден соолук 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Кыргызстан боюнча 30 миңден ашык онкологиялык оорулуу каттоодо турат. Бул тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бактыгүл Султангазиева жаңы ачылган Ядролук медицина бөлүмүндө алгачкы бейтаптарды кабыл алуу иш-чарасында билдирди.

Султангазиева анын ичинен 6 миңге жакын бейтапка алгачкы диагноз коюлганын жана бейтаптардын 80%ы радиоизотоптук изилдөө ыкмасына муктаж экенин белгиледи.

"Алгачкы бейтаптарды кабыл ала баштаган Ядролук медицина бөлүмүндөгү жабдуулар рак ооруларын аныктоо үчүн гана эмес, ошондой эле кардиологиялык, неврологиялык, эндокринологиялык жана башка социалдык маанилүү оорулары бар бейтаптарды башкаруу программаларында да колдонулушу мүмкүн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий