• 87
  • 90.59
  • 0.87

Кыргызстанда 4 миң 313 диний уюм каттоодон өткөн - Айбек Иминов

Коом 0

Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда 4 миң 313 диний уюм каттоодон өткөн. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертиза жана диний уюмдар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов Бишкекте өтүп жаткан илимий-практикалык конференцияда билдирди.

Анын айтымында, катталгандардын ичинен 3 миң 914тү ислам багытындагы, 395и христиан багытындагы уюмдар. Ошондой эле 3 бахаи жамааты, 1 иудей жана 1 буддисттер жамааты каттоодон өткөн.

“Каттоодон өткөн диний уюмдардын эң ириси болуп мусулмандардын арасында ханафий мазхабын жана матурудий ишенимин сактоону камсыз кылуучу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы эсептелет”, - деди Айбек Иминов.

Иминов кошумчалагандай, ислам багытындагы уюмдун ичинен 3 миң 593 мечиттер, 40 уюм жана 220 диний окуу жайлар түзөт.

Пикир

Оставить комментарий