• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанда 4 миңге жакын үй-бүлө жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашайт

Коом 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда жалпы 3 миң 888 үй-бүлө жер көчкү кооптуулу бар тилкеде жашоосун улантууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

"Өз кезегинде анын ичинен 2 495и өз кезегинде мамлекеттик ссуда жана жер тилкелери берилгенине карабай, кооптуу аймакта жашоосун улантууда. Биз эскертүү берип, байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүбүз менен алар кооптуу тилкеден көчүп чыгууга каршы чыгышып, биздин кызматкерлер барган учурда арыз-дообуз жок деп тил кат жазып берүүдө", - деди ал.

Министрдин биринчи орун басары жарандарды шашылыш билдирүүлөргө жана эскертүүлөргө кош көңүл карабай, өздөрүнө сак болууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий