• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда 410 миң гектар аянтта зыянкечтерге каршы күрөшүү иштери жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 15.08.24. /Кабар/. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери тарабынан 410, 4 миң га аянтта зыянкечтерге каршы күрөшүү иштери жүргүзүлдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 1-августка карата республика боюнча жалпы 591 миң га айыл чарба жерлери изилдөөдөн өтүп, фермерлер тарабынан 192,4 миң га аянтта зыянкечтер жана илдеттерге, ошондой эле 218,0 миң гектарда отоо чөптөгө каршы химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү.

Ошентип, жалпысынан 410, 4 миң га аянтта зыяндуу оргнизмдерге каршы күрөшүү иштери жүргүзүлгөн.

Дүйнө жүзүндө курт-кумурскалардын 8 миллионго жакын түрү жашайт жана алардын ичинен 700 миңден ашууну айыл чарбасынын зыянкечи болуп саналат. Кыргызстандын шартында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн коркунучтуу зыянкечтеринин 150дөн ашык түрү кездешет.

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттери. Жер шарында өсүмдүктөрдүн 30 миңден ашык илдети кездешет. Кыргызстандын айыл чарбасында коркунучтуу деп саналган 70тен ашык түрү бар.

Отоо чөптөр. Дүйнөдө 280 миңден ашык отоо чөптөрдүн түрлөрү бар. Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнө олуттуу зыян келтирген 300дөн ашык түрү кездешет.

Ар жыл сайын республиканын аймагында өтө коркунучтуу деп саналган чегиртке, америкалык ак көпөлөк, колорадо коңузу, дан эгиндерде - дан жужелицасы, клоп-черепашка, пахтада – кене, совка жана бит, көп жылдык чөптөрдө фитономус, мөмө-жемиш бактарында - плодожорка, шелкопряд, кант кызылчасында – блошка, узун мурун, жашылчада – томат күбөсү жана башка курттардын очоктору катталат. Илдеттерден дат, ак кебер, кара көсө, котур, пероноспороз түрлөрү республикада көп таркалган.

Пикир

Оставить комментарий