Кыргызстанда 5 айда 7 миңге жакын дыйканга жеңилдетилген насыя берилди

Коом 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда "Айыл чарбасын каржылоо -12" долбоору боюнча 5 айда 7 миңге жакын дыйканга жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, долбоордун алкагында жалпы 2 категория боюнча 2 млрд 661 млн 629 миң сомго 6 миң 664 насыя берилген.

Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 270480,0 миң сомго 852 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

  • “Айыл Банк” ААК, 128105,0 миң сомго 420 насыя;
  • “РСК Банк” ААК,142375,0 миң сомго 432 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2391149,0 миң сомго 5812 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

  • “Айыл Банк” ААК, 1285544,0 миң сомго 3158 насыя;
  • “РСК Банк” ААК, 1105605,0миң сомго 2654 насыя.

Жалпы бардыгы болуп 2 категория боюнча 2 млрд 661 млн 629 миң сомго 6 миң 664 насыя берилди.

  • “Айыл Банк” ААК , 1413649,0 миң сомго 3578 насыя;
  • “РСК Банк” ААК, 1247980,0 миң сомго 3086 насыя.

Пикир

Оставить комментарий