• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кыргызстанда 50 миң сомдон жогору өлчөмдөгү пенсияны миңге жакын адам алат – Алиев

Экономика 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда 50 миң сомдон жогору өлчөмдөгү пенсияны миңге жакын адам алат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев брифингде билдирди.

Соцфонддун төрагасы белгилегендей, эң көп пенсияны мурдагы президенттер же министрлер албайт.

“Жогорку пенсия алгандар тууралуу маалымат бере албайм, укугум жок”, - деген Алиев, мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн пенсиясы орточо өлчөмдө экенин, жогорку өлчөмдөгү пенсияны эмгек акысы жогору болгон тармакта эмгектендер аларын билдирди.

“Тактап айтканда, тоо-кен тармагында жана банктарда иштеген кызматкерлер”, - деп түшүндүрдү ал.

Маалымат үчүн: Кыргызстанда 787 миң 500 жүз пенсионер бар. Бүгүнкү күндө пенсиянын эң төмөн өлчөмү 6900 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий