• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын тышкы карызы ИДПга карата 56,2%ды түздү - Каржы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы карызы ИДПга карата 56,2%ды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет.

2020-жылдын 31-июлуна карата өлкөнүн мамлекеттик карызы (ички жана тышкы карыз) 4 млрд 824,01 млн долларды түзгөн. Анын ичинен 4 млрд 169,6 млн доллары тышкы карыз болуп саналат.

Каржы министрлиги белгилегендей, тышкы карыз 200гө жакын насыядан туруп, анын басымдуу бөлүгү (98%ы) жеңилдетилген шарттар менен алынган.

Кыргызстан бересесинин басымдуу бөлүгүн Кытай, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жана Азия өнүктүрүү банкына карыз (72,7%) Кийинки орунда Япония (5,9%) жана Эл аралык валюта фонду (9,2%) турат. Кыргызстан тышкы карызынын 42,6%ын же 1 млрд 776,29 млн долларды Кытайдан алган.

"Каржы министрлиги тышкы карызды азайтуу боюнча иштерди туруктуу түрдө алып барып келет. 2017-2019-жылдар аралыгында карыз 4 млрд 89,9 млн доллардан 3 млрд 850,79 млн долларга чейин азайтылып, тышкы карыз ИДПга карата 45,5%ды түзгөн. Бирок COVID-19 пандемиясы менен байланышкан кризистен улам быйыл тышкы карыз ИДПга карата 56,2%ды түздү. Коронавируска байланыштуу алынган насыяларды эсептебегенде тышкы карыз ИДПга карата 42,6%ды түзөт", - деп билдирет министрлик.

Быйыл Кыргызстан сырттан 338,4 млн доллар алган. Анын ичинен 269 млн доллары насыя болуп эсептелет.

Министрлик учурда тышкы карызды реструктуризация кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий