• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда 6 айда дыйкан-фермерлерге 2 млрд сомдук айыл чарба техникасы лизингге берилди

Экономика 0

Бишкек, 24.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстанда 6 айдын ичинде дыйкан-фермерлерге 2 млрд сомдук айыл чарба техникасы лизингге берилди. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Кубат Касейинов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери жалпысынан 614 айыл чарба техникасы берилди. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 169 техникага көп.

“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбооруна 3 млрд 172 сом, “Агроөнөр жай комплексин кредиттөөгө” 3 млрд 195 млн сом, үрөн дотациясына 35,4 млн сом бөлүнүп берилди. Ал эми ирригация объекттерин капиталдык оңдоп-түзөөгө 601,7 млн сом, таза суу тармагына 176,9 млн сом сарпталды”, - деди ал.

Ошондой эле Кубат Касейинов мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында 7 инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатканын, бул үчүн быйылкы жылдын бюджетинен 4 млрд 982 млн сом каржылоо пландалганын айтты.

“Учурда анын 1 млрд 243 млн сом өздөштүрүлдү. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 462,9 млн сомго көп өздөштүрүлдү. Мамлекеттик инвестициялар программасынын планы 25%га аткарылды”, - деп кошумчалады министрдин биринчи орун басары.

Пикир

Оставить комментарий