• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда 6 айда республика боюнча 95,8 миң тонна эт өндүрүлдү

Экономика 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери республика боюнча бардык категориялардагы чарбаларда тирүүлөй салмакта 95,8 миң тонна эт өндүрүлдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 563 тоннага, же 0,6 пайызга эт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтүп турат.

Республикада эт өндүрүүнүн жогоруулашы айыл чарбадагы малдын көбөйүшүнө түздөн-түз байланыштуу.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын аягына карата өлкөдө ири мүйүздүү малдын саны 18,8 миң башка, кой жана эчкинин саны 15,1 миң башка, ал эми жылкынын саны 8,5 миң жана үй канаттуулардын саны 620 миң башка көбөйгөнү байкалган.

Ошондой эле 2024-жылдын январь-март айында республикада 2882,8 миң тонна сүт өндүрүлүп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 5 408 тоннага же 1,9 пайызга сүт көп.

Республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү, саан уйлардын саны былтыркы жыл менен салыштырмалуу 16,5 башка көбөйүшү жана уйлардын кунардуулугунун жогорулашына байланыштуу. Буга кошумча уйлардын орточо сааны отчеттук мезгилде 9,7 кг көбөйүп 350,7 кг түздү.

6 ай ичинде республикада 147 млн 872 миң даана жумуртка өндүрүлдү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 13 млн 478 миң даанага, же 110 пайызга көбүрөк. Акыркы учурларда республиканын бардык облустарында жумуртка өндүрүү жыл сайын көбөйүүдө.

Пикир

Оставить комментарий