• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Энергетикадагы көйгөй жана аны чечүү жолдору. "Нарын" ЭТИнде директорлор кеңеши болуп өттү

Экономика 0

Бишкек 13.06.23. /Кабар/. Күн мурун "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы "Нарын" электр тармактар ишканасында директорлор кеңеши болуп өттү, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

Жыйында үстүбүздөгү жылдын төрт айынын жыйынтыгы, ишкананын 2023-2024-жылга карата күш-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу ишкананын директору А.Абылгазиев маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө ишкананын башкы инженери Б. Жолдошбеков жасалып жаткан оңдоо иштери боюнча маалымат берип, кадрлар маселеси жана квалификацияларды жогорулатуу сунушун айтты.

Капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча директордун орун басары К. Дүйшеев Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын долбоорунун аткарылышы боюнча маалымат берип өттү.

Жыйындын соңунда жүрүп жаткан жалпы иштерге баа берилип, тиешелүү адистерге бир катар тапшырмалар берилди.

Аталган жыйынга директорлор кеңешинин мүчөлөрү, Нарын электр тармактар ишканасынын жетекчилиги, тиешелүү адистер жана райондук электр тармактар ишканасынын башчылары катышты.

Жыйындын негизги максаты - жеринде райондук электр тармактар ишканаларынын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү менен таанышып, энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү угуу жана чечүү жолдорун жыйындын катышуучулары менен талкулоо болду.

Пикир

Оставить комментарий