• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда банк кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө. Сандар жана фактылар

Экономика 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда жыл сайын 10-майда банк системасынын кызматкерлери өзүнүн кесиптик майрамын белгилешет.

Улуттук статистикалык комитет билдиргендей, азыркы убакта республиканын банк системасында Кыргыз Республиканын Улуттук банкы жана 23 коммерциялык банк, алардын 16сы - чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен иш жүргүзөт. Республиканын региондорунда алардын 300дөн ашык филиалы иштейт. Банк сегментинде иштеген кызматкерлердин саны 16,5 миңден ашык адамды түзөт, ал эми банктардын кардарларынын эсептеринин саны - 4 миллиондон ашыкты түзөт. 2020-жылы финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысы мурунку жылдын деңгээлинде сакталуу менен 38 миң сомду түздү.

2020-жылы коммерциялык банктардын кирешелери мурунку жылдын көлөмүнө салыштырмалуу 9,2%га көбөйүп, 32,6 млрд сомду түздү, ал эми чыгымдары ушул эле мезгил ичинде 30 млрд сом өлчөмүндө түзүлдү, бул 12,8%га көп.

2020-жылдын жыйынтыктары боюнча 22 банк пайда алышты, ал эми бир банк чыгым тартты. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 2,6 млрд сом пайданы түздү, бул 2019-жылга караганда 20,3%га аз.

2020-жылдын аягына карата коммерциялык банктардын суммардык активдери бир жылдын ичинде дээрлик 17%га көбөйүп, 288,7 млрд сомду түздү.

Коммерциялык банктардын ачык кредиттик портфели 2019-жылдагы анын көлөмүнө салыштырмалуу 10,5%га көбөйдү жана 2020-жылдын аягына карата 162,8 млрд сомду түздү. Кредиттөөнүн негизги багыттары болуп соода чөйрөсү, айыл чарба, ипотека жана керектөө муктаждыктары саналды.

2020-жылы жеке жактардын депозиттерине 13,8 млрд сом тартылды, бул 2019-жылдагы алардын көлөмүнөн 2%га көп. Калктын өткөн жылдагы салымдарынын калдыктарынын суммасы 15,6%га көбөйдү жана жылдын аягына карата 102,7 млрд сомду же коммерциялык банктардын суммардык активдеринин 35%нан көбүн түздү.

Пикир

Оставить комментарий