Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылдын 6 айында 1 миң 662 өрт катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын кесепетинен 19 адам каза болгон. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 9,5 % азайган.
Ал эми өрт кырсыгынан улам келтирилген материалдык чыгым 718 млн 913 миң сомду түзүп, 3,2 эсеге көп болгон.
Пикир
Оставить комментарий