Кыргызстанда 7,6 миңден ашык дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда 21-июнга карата "Айыл чарбасын каржылоо-12" долбоорунун алкагында 7 миң 655 дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жалпы 3 млрд 35 млн сом насыя берилген.

1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 325 млн 996 миң сомго 1 миң 22 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

  • "Айыл Банк" ААК — 158 млн 501 миң сомго 514 насыя;
  • "РСК Банк" ААК — 167 млн 495 миң сомго 508 насыя.

2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2 млрд 624 млн миң сомго 6 миң 416 насыя берилди, анын иченен:

банктар боюнча алганда:

  • "Айыл Банк" ААК — 1млрд 433 млн 990 миң сомго 3 миң 544 насыя;
  • "РСК Банк" ААК — 1 млрд 275 млн 195 миң сомго 3 миң 89 насыя.

Ошентип, жалпы бардыгы болуп 2 категория боюнча 3 млрд 35 млн 181 миң сомго 7 миң 655 насыя берилди.

  • "Айыл Банк" ААК — 1 млрд 592 млн 491 миң сомго 4 миң 58 насыя;
  • "РСК Банк" ААК — 1 млрд 442 млн 690 миң сомго 3 миң 597 насыя.

Пикир

Оставить комментарий