• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда 741 айыл чарба кооперативи иш жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата 741 айыл чарба кооперативи иш жүргүзүүдө. Бул тууралуу Суу ресурсатары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан алардын иштеткен жеринин аянты 53127 гектарга барабар, ал эми мүчөлөрүнүн саны 25 миң 670. Анын ичинен:

  • Чүй облусунда – 102 (30097,5 га.);
  • Ысык-Көл облусунда – 65 (5429,7 га.);
  • Ош облусунда – 98 (4058,1 га.);
  • Жалал-Абад облусунда – 247 (5415,5 га.);
  • Талас облусунда – 85 (1662,5 га.);
  • Нарын облусунда – 66 (2730,4 га.);
  • Баткен облусунда – 78 (3026,4 га.).

Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаменти кооперативдик системаны өнүктүрүү жана түзүү максатында региондордогу майда айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба кооперативдерине өз ыктыяры менен биригүү принциптерине жана демократиялык башкаруу механизмин жайылтуу максатында иштерди жүргүзүүдө.

Департамент айыл чарбасын кооперациялоо боюнча дыйкандарды окутуу, кеңеш берүү жана маалымат жеткирүү максатында 2024-жылы Түркиянын "ТИКА" агенттиги менен бирдикте К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин базасында маалыматтык-окуу борборунда окуу семинарлары уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий