• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

29-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 29-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 29-октябрда эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +7...+12, Талас облусунда +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көл облусунда +10...+15, Нарын облусунда +9...+14 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы +10...+12 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий