• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда 9 миңге жакын дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "Айыл чарбасын каржылоо -12" долбоорунун алкагында 25-июлга карата берилген насыялар боюнча маалымат берди.

Анын маалыматына караганда, 3 млрд 492 млн 362 миң сомго 8 миң 838 насыя берилди.

1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 391 млн 727 миң сомго 1 миң 213 насыя берилди.

Анын ичинен банктар боюнча алганда:

– "Айыл Банк" ААК — 195 млн 662 миң сомго 619 насыя;
– "Элдик Банк" ААК — 196 млн 65 миң сомго 594 насыя.

2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 3 млрд 100 млн 635 миң сомго 7 миң 625 насыя берилди.

Анын ичинен банктар боюнча алганда:

– "Айыл Банк" ААК — 1 млрд 586 млн 235 миң сомго 3 миң 952 насыя;
– "Элдик Банк" ААК — 1 млрд 514 млн 400 миң сомго 3 миң 673 насыя.

Пикир

Оставить комментарий